Абдижалал Парпиев атындагы мектеп-гимназиясы

Кандай гана мектеп болбосун өзүнүн окуучуларынын саны эмес, окуп чыккандардын сапаты менен бааланат.
main
about

Мектеп жөнүндө

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылындагы Абдижалал Парпиев мектеп-гимназиясына куш келиңиздер!

Мектепте Республиканын түштүк аймагындагы ар кандай райондордон окуучулар келип окуп, билим алып гуманитардык жана так илимдер багытында билимдерин жогорулатып келүүдө.

Биздин ынтымактуу мугалимдер жамааты ар бир окуучунун билим алуусуна жагымдуу маанай түзүү менен окуучулардын креативдүү ой жүгүртүүсүнө, дүйнө таанымы кенейүүсүнө, ар тараптуу өнүгүүсүнө тарбиялоодо талыкпай эмгектенишип келүүдө.

Кененирээк

Эмне үчүн биздин гимназияны тандашат?

  • Тереңдетилген окутуу

    Англис тили сабагы жогорку деңгээлде окутулат.
  • Жекече мамиле

    Ар бир окуучуга өзгөчө мамиле.
  • Сабактан тышкары өнүгүү

    Чыгармачылык жана спорттук ийримдер
  • Келечекке даярдык

    Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайларга ийгиликтүү тапшыруу.

Акыркы жаңылыктар

Баардык макалалар

Биздин демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз

Кара-Кой комплекси

Кара-Кой комплекси

Бүтүрүүчүлөрүбүз жана мугалимдерибиз үчүн уюштурулган жыл сайынкы экскурсияны өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн демөөрчүбүзгө ыраазычылык билдиребиз.

"Кока-Кола Бишкек Боттлерс"

"Кока-Кола Бишкек Боттлерс"

Ишкердикке жана бизнеске кызыккан бүтүрүүчү класстарыбыз үчүн экскурсия өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Окуучулар заводго барып, компаниянын ишмердүүлүгүн өз көздөрү менен көрө алышты. Компаниянын негиздөөчүсү менен таанышып, чоң мотивацияга жана баалуу тажрыйбага ээ болушту.

student

Толугураак маалымат алуу үчүн биз менен байланышыңыз

Аты-жөнүңүз

Телефон номериңиз

Сиздин сурооңуз

graduates

Бул сайт 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрдөн мектепке белек.

Ар бир окуучуга жасаган камкордугуңуз үчүн рахмат!