
23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата жана Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңгендигинин 80-жылдыгына карата өткөрүлгөн А.Ч.Д сабагы боюнча 10-а жана 10-б класстар аралыгында мелдеш болуп өттү.
Катышуучулар өздөрүн ар тараптан сынашып, өздөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 10-а класс «Баатыр» командасы эң жогорку упайга ээ болуп, жеңишке жетишти. Иш-чаранын негизинде, ар бир окуучунун өз мекенине болгон сүйүүсү күчөп, патриоттуулук сезимдери пайда болду. Катышуучуларга жана өзгөчө Жунусов Кимсан агайыбызга терээң ыраазычылык билдиребиз. Ата-Мекенди коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз.