Мектебибизде сабактан сырткары ар кандай багыттагы иш-чаралар өткөрүлүп турат. Окуучулар иш-чаралардан өздөрүн ар тараптуу табуу менен өздөрүн көрсөтүүгө, жаңы досторду табууга, жаңы өнөр үйрөнүү үчүн багыт ала алууга зор мүмкүнчүлүк жаратат. Андан сырткары мектеп бир гана билим алуучу мекеме гана эмес, баарлашууга жагымдуу маанай түзүүчү жана жеңил үйрөнүү үчүн жагымдуу чөйрө экенин сезишет.
Ушул иши-чараларга катышуу менен окуучунун өзүнө болгон ишеними өсүп, жакшы окуган окуучу эле эмес коомго керектүү адам болуу, командада иштөөгө көнүү, бири-бирин сыйлоого, угууга, келише алууга көнүү менен бирге пунктуалдуу болуу жана мекенчилдикке жана боорукердикке көнүшөт.
